Өкмөттө Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын жүрүшү талкууланды

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 18-мартта Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө боюнча жыйын өткөрдү. “Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө жана ага даярдык көрүү боюнча бардык иштер өз мөөнөтүндө жана жогорку деңгээлде өткөрүлүшү керек",- деген өкмөт башчы мамлекеттик органдардын жетекчилери бул иш-чаранын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти аларын кошумчалады.

Жыйында Социалдык өнүгүү министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жыл сайын бир ирет берилүүчү кошумча акчалай жөлөк пулдун көлөмүн жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыкканы боюнча, Коргоо министрлиги аскердик парадды уюштуруу боюнча даярдык иштери тууралуу, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ММКларда согуштун ардагерлерине, ооруктагы эмгекчилердин эрдигине арналган рубрикаларды уюштуруу тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага мамлекеттик органдар тарабынан ардагерлерди Москвада өтүүчү Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого катышуу үчүн жөнөтүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан