Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айылындагы урап калган мектеп боюнча иликтөө иштери аяктай элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта маалымат жыйынында Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун кеңешчиси
Каданбай Бактыгулов билдирди.
"Азыркы тапта аталган мектепте балдар окуусун улантышууда. Аны менен бирге ураган бөлмөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Андан сырткары тиешелүү мекемелер мектептин курулушун дыкаттык менен текшерүүдө. Текшерүү иштери аяктаганда тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылышат",- деди К.Бактыгулов.
Айта кетсек, 28-февраль күнү Кызыл-Белес айылындагы Атамбеков атындагы орто мектептин дааратканасынын полу түшүп кеткен. Мындан улам даараткана менен мектепти бөлүп турган дубал урап калган.