Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 19-мартта Коргоо кеңешинин коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрүн кабыл алды. Президенттик аппараттын билдиришинче, жолугушууда өлкө башчы жасалган иштер үчүн жумушчу топтун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди. "Кыргыз мамлекетинде коррупция менен күрөшүүдө көп нерселерге жетиштик, бирок алдыда мындан да көпкө жетишүү милдети турат. Бардык деңгээлде коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жок кылуу зарыл. Коррупция менен күрөшүү ишинде кол тийбестер болбошу керек",- деп билдирди президент.
Алмазбек Атамбаев мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыккан сунуштамаларды ишке ашыруу керектигин белгилеп, жумушчу топтун мүчөлөрүн анын аткарылышын аягына чейин көзөмөлгө алууга чакырды. "Силердин сунуштамаңар коомдун тазаланышына жана өлкө экономикасынын өсүшүнө пайда алып келиши кажет",- деген мамлекет башчы энергетикалык тармактагы коррупциялык көрүнүштөргө, анын энергетикалык коопсуздукка тийгизген таасирине басым жасады. Президенттин билдиришинче, энергетикалык коопсуздук маселеси жакында Коргоо кеңешинин жыйынында каралмакчы.
Жыйынтыгында президент жумушчу топтун мүчөлөрүнө коррупция менен күрөшүү иштерин улантуу тапшырмасын берди.