Социалдык мекемелерди электр энергиясы үчүн айып туумдардан бошотуу демилгеленүүдө

Бүгүн, 19-мартта парламентте социалдык мекемелерди электр энергиясынын акчасын өз убагында төкпөгөнү үчүн топтолуп калган айып туумдардан бошотууга багытталган мыйзам долбоору сунушталды. 

Демилгечилердин айтымында, социалдык мекемелер республикалык жана жергиликтүү бюджеттен өз убагында каржыланбагандыгынан энергетикалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө кечиктирилген.

Талкууда депутат Исмаил Исаков социалдык мекемелер айып туумдардан бошотулса, анда башка мамлекеттик жана жеке ишканалар нааразычылык билдирерин айтып, "мыйзам баарына бирдей болушу керек" деди. 

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан