Караколдо "Жеңиш" сейил багын оңдоо иштери жүрүүдө

Каракол шаарында 9-Май - Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдык мааракесине карата 
"Жеңиш" сейил багында реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, 9-Май күнүнө аталган "Жеңиш" сейил багында бир катар майрамдык иш-чаралар пландалган. Азыркы тапта курулушчулар сейил бактын ичиндеги тротуарларга таш төшөлгө (брусчатка) төшөө жана бетон арыктарды куруу иштери менен алектенишүүдө. Андан сырткары жаңы бак-дарак жана гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузууга даярдыктар көрүлүп, бак-дарактар акталууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан