Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 19-мартта Орусия президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкойду кабыл алды. Кыргыз Республикасы менен Орусия бардык багыттар боюнча стратегиялык шериктештик жана кызматташтык мамилелерге кызыкдар экенин белгилеген премьер: "Кыргыз мамлекети эки тараптуу мамилелердин маанилүүлүгүн баалайт жана стратегиялык шериктештик мамилени туруктуу өнүктүрүүгө умтулат",- деп билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз өлкөсү жана Орусиянын маданий-гуманитардык кызматташуусун: билим берүү, илим, маданият жана искусство, маалымат жана жаштар саясаты жаатындагы кызматташууну тереңдетүү маселесин талкуулады. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү маселеси боюнча сөз болгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.