Борбордогу айрым соода объектилеринин ээлери шаарды көрктөндүрүүдөгү эрежелерди бузушууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги рейдди өткөрдү. Рейддин алкагында 5-кичи районундагы №33-дарегинин жанында жайгашкан нан бышыруучу тандырдын ээлери санитардык нормаларды сактабай, шаарды көрктөндүрүүдө эреже бузушкандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган аймак антисанитардык абалга жетип, айланасына таштандылар баш аламан ташталган. Ошондой эле тандырды орнотууда уруксат келишими түзүлгөн эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainur78007
2015-03-19 23:29:29
Оп,баракелде,бутун чон Бишкектен издеп журуп бир тандыр таап алыпсынар э )))тандырга жеткиче толгон токой таштандыларды корбой калгансынарго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан