Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти Калыс-Ордо жаңы конушунда мыйзамсыз, тиешелүү документтерисиз, муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеңейтип алуу фактысын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта аталган департаменттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө, текшерүү иштеринин жыйынтыгында Жеке турак жай куруу департаменти аталган жер тилкесинин ээсине дубалды алып салуу жөнүндө эскертүү берилген. Үй ээси өз ыктыяры менен эскертүүнү аткарып, 17 метр батыш тарабынан жана түндүк тарабынан 1,5 метр дубалды бузуп, алып салды.