Депутаттар шайлоодо партиялар үчүн күрөөнү 5 миллион сом кылуу демилгесин 2-окууда колдошту

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеш келерки парламенттик шайлоодо саясий партиялар үчүн күрөөнүн көлөмүн 500 миң сомдон 5 миллион сомго көтөрүү демилгесин колдоду. Добуш берүүгө катышкан 106 депутаттын 91и "макул", 15и "каршы" деп добуш беришти.
Айта кетсек, учурда парламент "КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш бергени жатат. Депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоорунун пикир келишпестик жараткан нормалары боюнча өз-өзүнчө добуш берилүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан