Индия жана кыргыз мамлекетинин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев 17-мартта Индиянын соода-өнөр жай министри Нирмала Ситараман менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кубанычбек Турдубаев кыргыз тарап Индия менен саясий-экономикалык, илимий-техника жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууга кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, индиялык инвесторлорду кыргыз жерине чакырып өттү. 

Өз кезегинде Нирмала Ситараман кыргыз ишкерлерине Индияга келип ишкердик менен алектенүүнү сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Индия жана кыргыз мамлекеттеринин соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан