Кызыл-Кыя шаарынын тургундары депутаттар менен жолугушууда бала бакча, чек ара маселелерин көтөрүштү

Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Майрамкүл Тиленчиева, Улукбек Кочкоров Кызыл-Кыя шаарында тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу 19-мартта ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кызыл-Кыя шаарынын тургундары шаардын калкынын саны өсүп жаткандыгын, ал эми турак жай менен элди камсыз кылуу, бала бакчага балдарды орноштуруу көйгөйгө айлангандыгын баса белгилешти. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар энелер жумушка иштей албай, балага чектелген 3 миң сом эч нерсеге жетпегенин билдиришти. 

Ошондой эле мектептердеги жан башына каржылоо принциби өзүн актабай калгандыгы, анын ар кандай кароо-сынактарга, оюн-зоокторго мектеп окуучуларынан тарта берүү билим берүү жаатына кыйла тоскоолдук кылып жаткандыгы мугалимдер тарабынан белгиленди.

Аталган жыйында чек ара маселелери дагы эле орчундуу маселе бойдон калып жаткандыгы, диний экстремизм маселеси кылдат көңүл бурууну талап кылары жана тиешелүү иш жүргүзүлбөсө, мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келиши мүмкүндүгү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан