Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шаарды кыдыруу учурунда Городок аймагындагы Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо ишканасынын аракети алдында салынып жаткан бассейндин курулушу менен да таанышышты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда 1-майга чейин бассейндин курулуш иштерин толук бүтүрүү керектиги айтылды. Ал эми бул объектинин курулушуна 13 миллион сом каражат жумшалууда. Мындан сырткары шаар кыдыруу учурунда Жаңы-Жол аймагындагы Тайлак баатырдын эстелигин жылдыруу, жылдырууга мүмкүн болбогон учурда башка жолдорун карап көрүү сунуштары айтылды.