Жоомарт Оторбаев: "Мыйзам бузган ишкерлерге эркинен ажыратуу жазасынын колдонулушу кооптуу"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 19-мартта укук коргоо органдарынын жетекчилери менен биргеликте экономикалык кылмыштар боюнча мыйзамды гумандаштыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйында премьер-министр жеке сектор өлкөдөгү экономикалык өнүгүүнү түзөрүн белгиледи. "Бизнесмендер – бүткүл мамлекеттик машинаны камтыган адамдар" деген Оторбаев өкмөт жеке секторду, мыкты инвестициялык абалды жана бизнес-чөйрөнү түзүүнү колдоого аларын кошумчалады.

Өкмөт башчы белгилегендей, кыргыз мамлекетинде экономикалык ишмердүүлүккө карата кылмыш мыйзамы өзүнүн репрессивдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. 

"Мыйзамсыз аракеттерди жасаган ишкерлерге текшерүүлөр эмес, эркинен ажыратуу түрүндөгү баш коргоо чарасынын колдонулушу кооптуу. Буга байланыштуу баш коргоо чараларын жумшагыраак түргө өзгөртүү боюнча аракеттер, башкача айтканда, ишкерлердин тергөөчү менен жең ичинен сүйлөшүп алуу аракеттери башталат. Натыйжада көптөгөн күч түзүмдөрү үчүн бул бизнес катары кабылданууда",- деди өкмөт жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан