КТРКнын башкы директору болуп Илим Карыпбеков шайланды
КТРКнын башкы директору болуп Илим Карыпбеков шайланды. Ал Султан Жумагулов кызматтан кеткенден кийин башкы директордун милдетин аткарып келген.
Илим Карыпбеков 35 жашта. Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, 2005-2007-жылдары Варшавадагы адам укуктары боюнча жогорку мектепти аяктаган. Учурда Юридикалык академияда, Борбор Азиядагы Америка университетинде, ошондой эле КРнын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында окутуучу.
"Медиа полиси" коомдук уюмунун негиздөөчүсү. 2009-2010-жылдары президенттин катчылыгында референт, андан соң Коомчулук менен байланыш кызматын жетектеген.
Кийин "Альфа Телекомдун" тышкы башкаруучусу болгон жана "Де-факто" гезитинин кожоюну, "Манас" аэропортунун Бишкектеги филиалынын директору кызматын аркалаган. КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы.