Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кашкар шаарында Кыргыз Республикасы менен Кытайдын Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда эки тарап терроризм, экстремизм, жарандардын чек араны мыйзамсыз кесип өтүү маселелерин чечүүдө бирегелишип иштешүү боюнча сүйлөшүштү. Ошондой эле жыйын соңунда кыргыз-кытай чек арасындагы абал тууралуу байма-бай маалымат алмашуу чечимине келишип, чек араны биргелешип кайтаруу сунушу айтылды.