Кудайберген Базарбаев: "Жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн төлөнчү жөлөк пулду быйыл 14 пайызга көтөрүү пландалууда"

Кыргыз мамлекетинде акыркы жылдары жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн төлөнчү жөлөк пулдун суммасы 95 пайызга өстү. Муну социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдиргенин 19-мартта Социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты. Быйыл аталган категориядагы балдардын жөлөк пулун 14 пайызга көтөрүү пландалып жатканы айтылды. "Мындан тышкары кошумча социалдык тейлөөлөрдү активдүү өнүктүрүп жатабыз. Өкмөттүк эмес уюмдар карыларга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жана оор шартта жашаган балдарга жардам беришүүдө. Өткөн жылы министрлик убактылуу баш калкалоочу 7 борбор ачты",- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан