Жогорку Кеңештин депутаттары 23-27-март күндөрү аймактарды кыдырышат
Жогорку Кеңештин депутаттары 23-27-март күндөрү аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Тийиштүү токтом парламенттин 19-марттагы жыйынында кабыл алынды. Токтом "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамдын 151-беренесине ылайык кабыл алынды. Эскерте кетсек, депутаттар шайлоочулар менен жолугушканы акыркы жолу жыл башында, тактап айтканда, 8-9-10-январь күндөрү чыгышкан.