Бүгүн, 20-март күнү Бишкектин Ала-Тоо жаңы конушунда 2008-жылы курулуп баштаган 500 орундуу мектеп ишке берилип, ачылыш аземи өтүүдө. №82-орто мектеп казак тараптын каржылоосу менен салынып баштаган, бирок кийинчерээк акчанын жетишсиздигинен курулуш иштери токтоп калган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык,
Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлү менен аталган мектептин курулуш иштери 2012-жылы жанданган.
Мектепте окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлөт. Анда жыйындар залы жана гимнастика залы бар. Ошондой эле кыздар үчүн кулинариялык, кездеме, балдар үчүн жыгач, металл менен иштөөгө ылайыкталган эмгек класстары ачылган.