Жалал-Абад. Апрель айында “Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте калсын” деген аталыштагы марафон өтөт

Жалал-Абадда 15-апрелде “Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте калсын” деген аталышта марафон өтөт. Барпы атындагы облустук драма театрында өтөрү пландалып жаткан иш-чарага шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине менчик түрүнө карабастан, марафонго жамааттары менен активдүү катышуусу милдеттендирилген. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, бул иш-чара КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн “Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” буйругунун негизинде ишке ашырылууда. “Марафонго Жалал-Абад облусундагы белгилүү ырчылардын катышуусунда концерттик программа каралган. Ошондой эле тиешелүү тематикалык баннерлер илинүүдө” деп кошумчаланат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан