Бишкек мэриясынын Архитектура жана шаар курулушу башкы башкармалыгынын жетектөөчү адистери 1-марттан 7-мартка чейин Стамбул шаарында тажрыйба алмашуудан өтүп келишти. ТИМдин маалымат кызматына таянсак, кызматкерлерге шаар куруу, реконструкция жана пландоо багыты боюнча жолугушуулар уюштурулду. Алар архитектура-шаар куруу боюнча Стамбулдун өзгөчөлүктөрүн изилдешти. Мындай иш-чара кыргыз мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугу менен Стамбул шаардык мэриясынын ортосундагы келишимге ылайык уюштурулганы айтылды.