Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин демилгеси менен бүгүн, 20-мартта өлкөнүн салык саясатын өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Депутат Улукбек Кочкоров мыйзам долбоорунда сатык салыгын алып салып, салык саясатын кайрадан ыраатташтыруу, айрым кайталоолорду жоюу чаралары сунушталып жатканын билдирди. "Андан сырткары товарды экспорттоодон алынуучу кошумча нарк салыгын 0 пайызга түшүрүү, товар ташып келүү үчүн 14 пайыздык норма белгиленүүдө",- дейт депутат.