19-мартта Орусия тараптын демилгеси аркылуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри
Алтынбек Максүтов менен Орусия Федерациясынын Президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү
Михаил Швыдкойдун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта аталган министрликтен билдиришти.
Жолугушууда кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы маданий кызматташуунун келечеги талкууланды. Негизинен кыргыздын таланттуу жаштарын Орусиянын маданият жана искусство жаатындагы жогорку окуу жайларында окутуу үчүн квоталар, музыкалык мектептердин окутуучуларынын жана ар кыл жанрдагы артисттердин Орусиянын алдынкы мекемелеринен тажрыйба алуусу жөнүндө маселелер козголду. Мындан тышкары кыргыз тарап А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын абалын баалоо үчүн реставраторлор жагынан жардам берүү, ошондой эле музыкалык мектептердин аспап менен камсыздалышына колдоо көрсөтүү боюнча кайрылды. Жолугушуунун натыйжасында М.Швыдкой маданият багытында тийиштүү көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.