Бүгүн, 20-мартта вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк иш сапары башталды. Вице-премьер Ысык-Көл облусундагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрөт.
Өкмөттөн билдиришкендей, Маматалиев Каракол шаарында жазгы талаа иштери боюнча республикалык селектордук жыйынга катышып, облус активи менен жолугушуп, Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрөт.
Жыйынтыгында Каракол шаарында өтүүчү Нооруз майрамын белгилөө салтанатына катышат.