Быйылкы ажылык сапарга ташый турган авиакомпаниялардын тендерине катышкан эки компаниянын документтери толук эместиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган тендер кечээ, 19-мартта өтүп, ага эки авиакомпания катышкан. Бирок тендердик комиссия авиакомпаниялардын документтерин карап чыгып, ал толук болбогондуктан, аны толуктоого 1 жума кошумча убакыт берди. Тендердин жыйынтыгы 26-27-март күндөрү кайра каралмай болду.