SUPER.KG порталынын эмгек жамааты чыгыш элинин Жаңы жылы болгон Нооруз майрамы менен жалпы кыргыз элин куттуктайт! Жаздын илеби менен кирип келген Нооруз - берекенин, сабырдуулуктун, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам.
Нооруз майрамы элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик алып келсин. Өлкөбүздө бейпилдик, токчулук болуп, жүрөктөрүбүз кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толо берсин. Бул майрам ар бириңиздердин үйүңүздөргө кут, ишиңиздерге ийгилик, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай ыроолосун! Нооруз майрамыңыздар кут болсун!