Садыр Жапаров Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда, Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тараптар эки тараптуу жана көп жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Орусия менен көп пландуу кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин, ал союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда ырааттуу түрдө бекемделип жатканын баса белгилеп, Орусия Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала берерин айтты.

Садыр Жапаров Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ролуна өзгөчө көңүл буруп, аны инвестициялык кызматташтыкты бекемдөөдөгү негизги куралдардын бири деп атады.

Президент өлкөнүн экономикасындагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, акыркы үч жылда Кыргызстан олуттуу натыйжаларга жетишкенин баса белгиледи.

«Кыргызстан туруктуу өнүгүү жана прогресс жолунда ишенимдүү бара жатат. Биздин артыкчылыктардын катарына – энергетика, транспорт, санариптештирүү, туризм, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана өтө маанилүү минералдык ресурстарды өздөштүрүү кирет», - деди Жапаров.

Өз кезегинде Сергей Лавров Владимир Путиндин саламын жолдоду.

«Мамлекет башчыларынын өз ара аракеттенүүнү жөнгө салууда, ар кандай тармактарда келип чыккан маселелерди чечүүдө багыт бергени бизди, тышкы иштер министрлерин, мамлекеттик бийлик органдарынын бардык иштерин координациялоону активдүү камсыз кылууга милдеттендирет», - деп белгиледи министр Сергей Лавров.

Ал ошондой эле эки тараптуу пландардан тышкары КМШнын жалпы мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин алкагында чечилип жаткан үзгүлтүксүз милдеттер бар экенин баса белгиледи.

Орусиянын ТИМ башчысы Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын маанилүүлүгүн белгилеп, Орусия негизги багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Соңунда тараптар союздаштык мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө жана эл аралык аренада өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө умтуларын ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан