Кыргызстанга Тажикстандын тышкы иштер министри расмий сапары менен келет

Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 30-июндан 1-июлга чейин расмий сапар менен Кыргызстанга келет", - деп айтылат маалыматта.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.
Эске салсак, эртең, 30-июнда Чолпон-Атада ЖККУнун ТИМ кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Учурда Кыргызстанга Орусиянын жана Казакстандын тышкы иштер министрлери келишти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан