"Жогорку Кеңеш шайлоо процессине автоматташтырылган жаңы технологияны киргизүү демилгесин тезирээк кабыл алууга кызыкдар. Бул мыйзам шайлоодогу тартип бузуулардан кутулууга түрткү берерине ишенебиз",- деп билдирди парламент депутаты Наталья Никитенко.
Депутат "Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү менен толуктоолорду киргизүүнү создуктуруп жатат" деген сын туура эмес экенин, парламенттин 19-марттагы жыйынында депутаттар бул демилгени колдошорун ырастаганын эскертти.
"Мыйзам долбоорунун бир гана ченеми боюнча: Жогорку Кеңешке шайлоодо партиялык тизмени бекем сактоо маселесине байланыштуу талаш-тартыш чыкты. Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети парламенттик шайлоо жүрүшүндө партиялык тизмени бекем сактоо чечимине келген. Бирок айрым депутаттар башкача көз карашта экен. Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында бул норма кеңири талкууланып, мыйзам долбоорунун жалпы негизине доо кетирбөө үчүн комитеттин кароосуна кайра кайтарылды",- дейт Никитенко.
Айта кетсек, мыйзам долбоору аталган комитеттин 31-марттагы жыйынында кайрадан талкууланганы жатат.