Кыргыз парламентиндеги депутаттардын 21 пайызын айымдар түзсө, мындай көрсөткүчтүн 64 пайызына ээ болгон Руанда мамлекети гендердик тең салмактуулук боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Муну депутат Айнуру Алтыбаева 20-мартта "Парламент" радиосунун түз эфиринде билдирди.
"БУУнун статистикасы тастыктап тургандай, эгерде парламенттеги жалпы депутаттардын 10 пайызынан кем эмеси айымдар болсо, анда аялдардын көйгөйлөрү активдүү көтөрүлөт. Эгерде бул көрсөткүч 20 пайызга жетсе, балдардын, 30 пайызга жетсе, анда бүтүндөй үй-бүлөнүн көйгөйлөрү көтөрүлөт. Үй-бүлө тынч болсо, мамлекет тынч дегендей, ар бир татыктуу жашоо үй-бүлөдөн башталышы керек",- дейт депутат.
Депутат Жогорку Кеңештин Аялдар форумунун алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.