Бүгүн, 20-мартта европалыктар жана Орусиянын түндүк-батышындагы тургундар Күндүн тутулганына күбө болушууда.
Чет элдик басылмалар муну онлайн түрүндө көрсөтүп жатышат. Күн тутулуу Бишкек убактысы боюнча 13:40та башталды. НАСАнын маалыматына караганда, ал 4 саатка созулат.
Буга чейин өткөн жылдын 3-ноябрында Күн тутулса, 2016-жылдын 9-мартында да Күн тутула турганы белгилүү болду.