Бүгүн, 20-мартта КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Нооруз майрамын белгиледи. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Академиянын ректору Алмаз Насыров өзүнүн куттуктоо сөзүндө иш-чаранын катышуучуларын майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бейпил жашоо, тынчтык жана узун өмүр каалап өттү.
"Бүгүнкү бул жаш улан-кыздар эртеңки кыргыз жергебиздин татыктуу лидерлери болушат деп толук ишенем. Сиздерге жазгы гүлдөрдөй сулуулукту, туруктуулукту жана ийгиликти каалайм",- деди Насыров.
Ушундай эле куттуктоолорун испаниялык, франциялык жана орусиялык коноктор айтышты. Нооруз майрамы студенттердин ыр, бий, күлкү тартуулоосу менен коштолду.