Алмазбек Асанбаев эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары болуп дайындалды

Алмазбек Асанбаев эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 17-мартта премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон. Жаңы кадрды министрликтин жамаатына бүгүн, 20-мартта өкмөттүк аппараттын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Замира Ажигулова тааныштырды. Муну аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы орун басары тейлей турган тармак маанилүү экенин белгилеген эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов "бизде убакыт жок, мигранттардын маселесин тезирээк чечүү зарыл" деп билдирди.
А.Асанбаев:
Туулган жылы - 1978-жыл, 28-февраль.
Билими - жогорку, адистиги - юрист. 
Эмгек жолун 2001-жылы КРнын Президентинин иш башкармалыгында башкы адистиктен баштаган. Министрдин жардамчысы, КРнын Орусиядагы элчилигинде катчы жана башка кызматтарда иштеген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан