Ош облусунун Кара-Суу районундагы Коргон айылында 200 орундуу мечит ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы курулган мечит чет элдик демөөрчүлөрдүн жардамы 3 ай убакыт аралыгында курулду. Мечитти ачуу аземине Ош облусунун мусулмандар казысы Ниязали ажы Арипов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, айыл өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары жана жергиликтүү тургундар катышты.