Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев адам өмүрүн алган терактка байланыштуу Тунистин президенти Бежи Каиид Эс-Себсиге көңүл айтты. Бул тууралуу 20-мартта президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Анда мамлекет башчы кыргыз тарап терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык коомчулуктун бардык иш-аракеттерин колдоорун кошумчалап, террорчулардын чабуулунан каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтарын билдирген.
Эске салсак, Тунистеги "Бардо" музейине келген 20 чет элдик турист жана музейдин 3 кызматкери террордук чабуулдун курмандыгы болду. Каргашалуу окуя 18-мартта орун алган. Анда музейди чет элдик туристтер көрүп жүргөн маалда куралчан адамдар кирип, баарын аткылап салышкан.