Бүгүн кыргыз жеринде Нооруз майрамы белгиленет. Учурда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында майрамдын расмий ачылышына даярдыктар көрүлүүдө. Аянтка келген шаар тургундарынын агымы улам артууда. Ал эми милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн таң эрте жумушка чыгышкан.