Бүгүн Малайзиядагы кыргыз жарандары 21-Март - Нооруз майрамын салтанаттуу белгилешти. Саамалык “Ала-Тоо” биримдиги жана анын активисттери Сагындык Балтабаев, Айгүл Акималиева тарабынан уюштурулду.
Кыргыз жеринен алыста жүргөн мекендештер Улустун улуу күнүн өткөрүп жатканына кубанышып, элчиликтин биримдикке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти. Майрамдык иш-чара өзгөчө шаң менен жагымдуу маанайда өттү. Ага аталган өлкөдөгү кыргыз элчиси Кылычбек Султанов жана ал жакта жашаган мекендештер катышышты.