23-мартта Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта “Түндүк электр” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эртең, 23-мартта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын Ак-Ордо, Арча-Бешик конуштарында жана Ленская, Сергей Лазо, Кызыл-Аскер, Фучик көчөлөрүндө профилактикалык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Мындан улам электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.