Сузак районунда 240 орундуу жаңы мектеп ачылды

Сузак районунун Ырыс айылында 240 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу 21-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мектептин ачылышына вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катышкан.

Айта кетсек, мектептин курулуш иштери 2008-жылы башталган. 240 окуучуга ылайыкташкан мектептин жалпы сметалык баасы 40 миллион сомду түзгөн. Мурда окуучулар 1932-жылы салынган эски мектепте окушчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан