Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө карата акция өттү

Бүгүн, 22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө карата "Шоро" компаниясы борбор калааны аралап акция өткөрдү. Түштүк магистраль менен Тынчтык кең көчөсүнүн кесилишинде старт алган иш-чара "Жеңиш" аянтында, Д.Асанов атындагы сейил багы, Улуттук филармония жана бир катар ири соода борборлорунда орун алды. 
Катышуучулар чирлидерлердин бийине күбө болуп, акысыз суу жана сууга байланыштуу сувенирлерди алышты. Ошондой эле акция кызыктуу оюндар менен коштолуп, катышуучулар белектерге ээ болушту.
Иш-чараны уюштурган "Шоро" компаниясы 1992-жылдын 25-майынан тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Компания азык-түлүк жана улуттук суусундуктарды чыгаруу боюнча өлкө аймагында алдынкы орунда турат. 
Кошумчалай кетсек, 1993-жылдан бери 22-мартта дүйнө боюнча Суу күнү белгиленип келет. Суу ресурстарынын күнүн белгилөө идеясы 1992-жылы Рио-де-Жанейродо айлана-чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясында айтылган.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kerakg
2015-03-23 09:59:54
таза суу демекчи, сууду да ар бирибиз кайдыгерлик кылбай туура пайдалана билсек, суунун баркын суу издеген билет. Пайгамбарыбыз с.а.в. да дарыянын жеегинде даарат алсан да учтон ашык жууп коромжу кылба дегендей, таза сууну туура пайдалансак деген кеп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан