Реалдуу секторго кетчү чыгымдардын деңгээлинин өсүп кетиши 2015-жылдын бюджетинин өзгөчөлүгү. Муну каржы министри Ольга Лавровага шилтеме берүү менен Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, былтыр реалдуу сектордун чыгымдары 31 миллиард сомду түзсө, быйылкы жылдын бюджетинде бул секторго 48 миллиард сом каралган.
“Бюджеттин чыгашаларынын курамында реалдуу чыгашалар көбөйгөндүгүнүн эсебинен социалдык секторго кетчү чыгымдар азайды. Бирок бул социалдык секторго кетчү чыгымдар азайгандыгын билдирбейт. Социалдык секторго кетчү чыгымдар да көбөйүүдө. Былтыр 56 миллиард сом болсо, быйыл 60 миллиард сом болду. Бул реалдуу секторду өнүктүрүү жагына чыгашаларды трансформациялабай туруп келечекте социалдык чөйрөгө кетчү чыгашалардын өсүшүн өтө чоң кыйынчылыктар менен камсыз кыларыбызды түшүнүп жаткандыгыбызды айтып турат. Реалдуу секторду өнүктүрүшүбүз керек”,- деп билдирди министр.