Сокулук райондук акимчилигинде 24-мартта Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы менен парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология
жана аймактык өнүгүү комитетинин биргелешкен жыйыны өтөт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ж
ыйында Кыргыз Республикасында, мунун ичинде Сокулук
районунда айыл чарба тармагын өнүктүрүү маселеси каралат.
Жыйынга айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев менен
Сокулук районунун акими Аманкан Кенжебаев чакырылганы айтылды.