25-мартка чейин өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

24-25-март күндөрү өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Ошондой эле күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан