Бүгүн, 23-мартта борбордогу
Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113-"Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен кулап кеткен 1 жаш 9 айлык бала №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын ымыркайлар бөлүмүнүн дарылоо боюнча башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова билдирди.
Маалыматка ылайык, баланы ооруканага белгисиз жарандар алып келишкен. Учурда ага тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Анын абалы оор болгондуктан, ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Айта кетсек, болжол менен мындан 2 саат мурун "Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен кичинекей бала кулап кеткен. Окуянын күбөсү
Жыпара Сыдыкова баланы көрүп калып, жардамга чакырган. Ал өз сөзүндө
"Тез жардам" чакыргыла десем, бала бакчанын кызматкерлери болбой, мени урушуп, кууп чыгышты" деп
билдирген болчу.