Бишкекте Март жана Апрель революцияларынын себептери окумуштуулар менен бирге талкууланат

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 24-мартта "2005-жылдын мартындагы жана 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революциялар: себептери жана сабактары" деген темада илимий-практикалык конференция өтөт.
Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев, окумуштуулар, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана башкалар катышат. Конференциянын максаты - аталган революциялардын себептерин окумуштуулар менен биргеликте изилдөө, талкуу уюштуруу.  
Анда окумуштуулар жана саясат таануучулар баяндама жасашып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн мындан ары өнүктүрүү көйгөйлөрү талкууланарын 23-мартта президенттик аппараттан билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан