Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова "Аялдар саясатта" деген аталыштагы глобалдык форумга катышууда. Бул тууралуу 23-мартта Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, иш-чара 23-25-март күндөрү Африка биримдигине кирген Эфиопиянын борбору Аддис-Абеба шаарында өтмөкчү. Форумга 400дөн ашуун аял катышууда. Пленардык жыйын менен кошо өтүүчү сессиянын күн тартибинде аймактык кызматташтык, саламаттыкты сактоо, билим берүү маселелери талкууланат.