Иш-чарага келген коноктор ар улуттун маданияты менен таанышып, концерттик программага күбө болушту. У.Абдырасулова менен М.Кубатова кыргыз ырларын ырдап, комуз чертип көрүүчүлөрдүн колдоосуна арзышты. Кийизден жасалган кыргыздын улуттук буюмдары, улуттук кийимдер жана сувенирлер өзгөчө кызыгууну жаратты.