Кыргыз мамлекетинде 21-марттан баштап дизель майынын баасы дагы 1 сомго көтөрүлдү. Өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, бензиндин баалары өзгөрүүсүз калды. Маалыматка таянсак, дизель майынын литри Бишкекте 37 сом 50 тыйын, Ош шаарында 40 сом болууда. Баанын өсүшү Орусияда баанын жогорулашына байланыштуу экенин билдирүүдө аталган мекеме.
Бензин баалары Бишкекте:
АИ-95 - 41 сом;
АИ-92 - 37 сом 40 тыйын;
АИ-80 - 32 сом.
Ош жана Жалал-Абад облустарында:
АИ-95 - 43 сом 50 тыйын;
АИ-92 - 39 сом 40 тыйын;
АИ-80 - 34 сом.