Бишкек мэриясы чыгармачылык агенттиктер, эркин журналисттер, активисттер менен социалдык жарнамаларды ойлоп чыгуу боюнча кызматташууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматташуунун максаты - коомдук маселелерге жана көйгөйлөргө жарандардын көңүлүн буруу. "Катышуучулар үчүн теманы тандоодо чектер коюлбайт, алар төмөнкү багыттар менен демилгелерин жана долбоорлорун ишке ашыра алышат: жол эрежелерин сактоо, жарандардын жүрүм-турумунун маданияты, менин борборум, үй-бүлө жана балдар маселеси. Сунуштар менен 25-апрелге чейин мэрияга кайрылса болот",- деп билдиришти басма сөз кызматынан.