Алмазбек Атамбаев: "Биз Европадан саясий жана экономикалык тармактарда мамиле куруунун жаңы баскычын күтүп жатабыз"

Бүгүн, 23-мартта президент Алмазбек Атамбаев Австрияда өтүп жаткан расмий иш сапарында аталган өлкөнүн башчысы Хайнц Фишер менен жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. "Бизди бул сапар Европанын 5 өлкөсү чакырып отурат. Бул мамлекеттер Кыргыз Республикасынын демократиялык жана светтик коом куруп кете аларына ишенди. Биз да саясий, экономикалык тармактарда мамиленин жаңы баскычын күтүп жатабыз",- деди Алмазбек Атамбаев. 
Ал эми Хайнц Фишердин айтымында, Европанын өзүндө да, сыртында да мамлекет башчыларынын 2 жылда 2 ирет жолугуп туруусу чанда кезикчү көрүнүш. "Бул жогорку деңгээлдеги кызматташуунун белгиси",- деди Австриянын президенти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан