Өкмөт жетекчиси Жоомарт Оторбаев чет өлкөдө жүрүп өздүгүн аныктоочу документтерин жоготуп алган кыргыз мамлекетинин жарандарынын Кыргыз Республикасына кайтып келишине күбөлүк берүү тартибин жөнөкөйлөштүрө турган токтомго кол койду. Бул тууралуу 23-мартта өкмөттүк аппараттан билдиришти. Мындай чечим сырттагы мекендештерге кам көрүү максатында кабыл алынганы айтылды. Токтом расмий жарыяланган учурдан 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.